Биз менен байланышыңыз

17-ноябрда «Бишкек эл аралык кинофестивалы» өтөт

Кыска кабар | 15 Ноя 2023 | 276 | 0

17-21-ноябрда биринчи жолу «Бишкек эл аралык кинофестивалы» өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чаранын расмий ачылышы 17-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Иш-чарада эки башка категорияда сынак юуштурулуп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма ат салышат.

Сынактардын калыстар тобуна дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова кирип, фестивалдын башкы сыйлуу коногу катары Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы каарман актриса Түркан Шорай келет.

Фестиваль президенттин «Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде уюштурулуп, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM