Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму быйыл алтынчы жолу өттү. 14-ноябрда ар кайсы өлкөдөн келген 200дөн ашык мекендеш, бийлик өкүлдөрү, ишкерлер Бишкекте чогулду. Форумдун максаты — сырттагы мекендештердин каражатын жана күчүн өлкөнүн аймактардагы социалдык, инфратүзүмдүк, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна тартуу, жергиликтүү бийлик менен мекендеш инвесторлордун кызматташтыгын түзүү болуп саналат.
Форумдун жүрүшүндө чет жакта эмгектенип жүргөн эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү, Кыргызстанга инвестиция салуудагы тоскоолдуктар, шарттар тууралуу сөз болду.
Закир Сариев Татарстандын Казань шаарынан келген. Ал бул өлкөдө 20 жылдан бери «Жарандарга юридикалык жана социалдык жардам берүү борбору» уюмунун президенти болуп иштейт.
Ал мекендештердин капиталын өлкөгө тартуу үчүн мамлекет алгач ишеним пайда кылышы керектигин айтты.
«Убагында бир кыргызстандык Казанга барып, тигүү фабрикасын ачкан. Жакында эле ошол фабриканы Өзбекстанга көчүрүп келди. «Эмнеге ал жакка алып бардың?», — деп сурасам, «Алар мага шарт түзүп беришти, сизге кандайдыр бир кысым же мыйзамсыз аракеттер болсо, президенттин түз линиясына кабар бериңиз дешти. Салыкты да эң төмөн айлык акы менен көрсөтүп төлөп жатам. Муну мамлекет билет, бирок 50 жумушчуга маяна берип, алардын үй-бүлөсүн багып жатканым үчүн унчукпайт» деп түшүндүрдү. Бизде да ушундай кепилдиктер болушу керек».
Бакай Оморов 20 жылдай убакыттан бери Америкада жашап, эмгектениип жүрөт. Акыркы эки жылда Кыргызстанга да келип, курулуш тармагында иш алып барууда.
Ал өлкөдө курулуш тармагы өнүгө электигин айтып, курулуш компаниялары үйлөрдү комплекстүү бүтүрбөй койгон учурларды белгиледи.
Ишкер бул көйгөйлөрдү изилдеп көрүп, өзү курулуш тармагына аралашууда.
Ал эмгек мигранттарынын Кыргызстанга салган капиталы жогору болгону менен эч бир көрүнүктүү жумуш жасалбаганын сындады. Мамлекет тарабынан конкретүү долбоор, инвестициялык багыт жоктугун айтты.
«Америкадан, башка жактан ушунунча акча салып жатабыз деп төш каккан менен өлкөдө мигранттардын жардамы менен тургузулган делген бир дарак же мигранттардын жардамы менен тургузулган делген имарат жок экен.Мигранттар ата-энелерине салат, ал акчалар ар кайсы жака кетип калып жаткандай сезилет. Ушуга мамлекет чет жакта иштеп жүргөн мекендештерге кандайдыр бир долбоорлорду көрсөтсө, инвестициялык багыт көрсөтчө жакшы болмок. Кыргызстанга келгенде маалымат жок, чет жактан акча менен келет, министрлерге кире албайт. Айла жок кетип калат. А башка өлкөлөрдө бул екрсе жолго салынган. Ушул форумдун алкагында бизге кичи ГЭСтердин, мектеп, бала бакчалардын долбоорлору сунушталса жакшы болмок».
Ошондой эле АКШ менен Кыргызстандын ортосунда эмгек визасынын жоктугу, бул маселе кыргызстандыктарды Америкага мыйзамсыз кирүүгө аргасыз кылып жатканы айтылды.
Акыркы жылдары Кыргызстанга мигарнттардан келген акчанын көлөмү азайганы расмий айтылууда. Улуттук банктын быйыл сентбярдагы маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер ушул жылдын июль айында өлкөгө 145 млн доллардан ашык акча которгон. Бул май айына караганда дээрлик 18 млн долларга аз.
Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет. Андан кийин алыскы чет мамлекеттер турат.
Мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга аз.
Түркияда жана Кыргызстанда ишкердик кылган Айбек Сарыгул мигранттар которгон акча эмнеге азайганын мындай баалайт.
Анын пикиринде, мекендештер тапкан кирешесин үйүнө салбай, ошол жакта ишкердик ачууга аракеттенип жатышат. Себеби тапкан кирешелерин Кыргызстанга салганда той-аштарга кетип жатканы маалым.
«Миграция министрлиги өлкөнүн тышкы да, ички да миграциясына жооптуу болуп калган. Биз мигранттардын маселесин караган мамлекеттик мекеме президенттин алдында болушу керектигин сунуштап келгенбиз. Мигранттар эмне үчүн өлкөгө аз акча салып калышты? Анткени алардын салган акчасы ысырап болуп, тойго, хан сарайга же башка максатсыз иштерге короп жатат. Ушулардан жадаган мекендештер иштеп жүргөн өлкөлөрүндө фирма ачып, акчасын ошол жакка салып жатат. Бул жерде туура саясат жүрбөй, институттук жол болбогону үчүн акча үй-бүлөлүк эсептерге салынып, ал ысырап болуп жатпайбы. Муну азыр жөнгө салып, мигранттардын акчасын өлкөсүнө сала тургандай шарт түзүлбөсө, алардын капиталы башка өлкөдө калып кетүү коркунучу бар. Өкмөт 1+1 деген долбоорду ишке ашырса болот».
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов форумда сүйлөп жатып, чет өлкөдөгү консулдуктардын кызматтарын акылуу кылуу керектигин, алар мигранттардын эсебинен каржыланышы зарылдыгын айтты.
Казакстандын Алматы шаарында эмгектенген мекендешибиз Канат Момукеев бул маселе туура эместигин айтып, буларга токтолду:
«Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү көтөрүү керек деп жатасыңар. Мигранттардын эсебинен байыганды токтоткулачы. Алар ал жакта жыргагандан жүргөн жок. Кайра акысыз кылуу керек, төмөндөтүү керек».
Эки жылда бир жолу өтүүчү «Мекендештердин» акыркы 5-форуму 2019-жылы өткөн.
Ал эми алгачкы форум «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, максаты ар кайсы өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн пикир алмашуучу аянтчаны түзүп берүү болгон.
Иш-чара 2012-жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында, 2018-жылы Ысык-Көлдө, 2019-жылы Бишкекте өткөн.