Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Manas Tower 45 комплекси курулат

Кыска кабар | 14 Ноя 2023 | 265 | 0

Бишкек шаарында биринчи көп функциялуу Manas Tower 45 комплексинин курулушуна капсула салынды. Аны курууга Президенттин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышып жатканы, курулуш 2,5-3 жылдын ичинде бүтөрү маалым болду.

Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмо болот.

Президент Садыр Жапаров долбоорго ылайык имараттын үстүндө тик учак коно турган жана панорама аянтчасы болорун айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM