Connect with us

Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Кыска кабар | 14 Ноя 2023 | 455 | 0

Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаа мэри Бакыт Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Бүгүн, 14-ноябрда өткөн сессияда мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимине жашыруун добуш берүүгө 42 депутаттын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдошту, үчөө каршы болду.

Депутаттар Бакытбек Жетигеновдун ишин канааттандырарлык эмес деп баалашты. Шаардын инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүдө ресурстарды сарамжалсыз бөлүштүрүү, шаардык кеңештин айрым токтомдорунун аткарылбагандыгын жүйө келтиришти.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы шаардык кеңештин токтомдору 95% аткарылгандыгын, жыйында депутаттардын дооматтарына жооп берүү үчүн сөз сураган мэрдин орун басары Замир Юсуповго сөз берилбегенин билдирди.

Бакытбек Жетигенов президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылы ноябрда Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

2010-ыжыл Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен депутат болгон.

Copyright © 2017 Maral FM