Биз менен байланышыңыз

УКМК: Массалык башаламандык уюштурууга шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 13 Ноя 2023 | 335 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети массалык башаламандык уюштурууга чакырууга шектелип Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу кармалганын кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турганы үчүн Адис Жумгалов аттуу фейсбук аккаунтунун колдонуучусу, 1980-жылы туулган кыргызстандык жаран М.А.Р. кармалды.

Маалыматка караганда, ал фейк аккаунтун колдонгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандын жашаган жеринде 4 даана мобилдик телефон, бир даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу курал жана ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып, алынды. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM