Биз менен байланышыңыз

13-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Ноя 2023 | 184 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-ноябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаайт. Түштөн кийин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM