Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Кыргызстан Газага гумжардам көрсөтүүгө даяр

Кыска кабар | 12 Ноя 2023 | 292 | 0

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде Палестинадагы каргашуу окуялар боюнча айтты.

Кыргызстан Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү — жалпы милдетибиз деп эсептейбиз.

Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа.

Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталышы керек» , — деди Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Кыргызстан Коопсуздук Кеңешин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана Газа тилкесиндеги коопсуздук кризисин жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырат.

Садыр Жапаров 11-ноябрда иш сапары менен Сауд Аравияга барган.

Copyright © 2017 Maral FM