Биз менен байланышыңыз

Сосновкада оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Кыска кабар | 12 Ноя 2023 | 177 | 0

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» өткөрмө постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Аба-ырайы кескин өзгөрүп, Төө-Ашууда кар жаап жатат, жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында чоң жүк ташуучу унааларга саат 10:30 баштап четкөөлөр киргизилди.

Инспекторлор айдоочуларга Бишкек — Ош унаа жолуна сапарга чыгарда унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактоону жана карама каршы тилкеге чыкпоону эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM