Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү азайды

Кыска кабар | 12 Ноя 2023 | 217 | 0

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 10,8 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 пайызга көп экени айтылды.

Анын ичинен экспорттук жеткирүүлөр 49,6 пайызга, импорттук түшүүлөр 21,6 пайызга көбөйдү.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү быйыл январь-сентябрь айларында 3 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 9,2 пайызга төмөндөдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын эң жогорку үлүшү Орусияга (65,3 пайыз) жана Казакстанга (32,4 пайыз) туура келди.

Copyright © 2017 Maral FM