Биз менен байланышыңыз

Араванда апасы тарабынан сабалган эгиздер өз атасына берилди

Кыска кабар | 11 Ноя 2023 | 152 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Оштун Араван районунда энеси сабаган эки жашар эгиз наристе тууралуу маалымат берди.

 Маалымака караганда, кыздардын биологиялык атасы жана башка туугандары табылды. Наристелер өзүнүн атасынын кароосуна берилди. Аларды тарбиялап, кароого эжеси көмөк көрсөтө турганы маалыматта белгиленген.

«Зордук-зомбулук фактысы ачыкка чыккандан кийин балдар энесинен ажыратылып алынып, ооруканага жаткырылып, толук камкордукка алынган. Учурда балдардын апасы камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду. Кыздардын ата-энелери никеге турбагандыктан, Араван раойондук башкармалык аталыкты аныктоо үчүн зарыл болгон процедураларды жүргүзгөн», — деп билдирди министрлик.

Copyright © 2017 Maral FM