Connect with us

Министрлик: Орусиядан Кыргызстанга буудай жеткирүү токтогон жок

Кыска кабар | 10 Ноя 2023 | 303 | 0

Орусия өкмөтү 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 31-майына чейин буудайды экспорттоого тыюу салууну пландоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору нормативдик актылар порталына жарыяланды.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдиргендей, Орусиянын буудайды экспорттоого чектөө киргизүү чечими үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү. Башкача айтканда, ЕАЭБдин алкагындагы келишимдер боюнча Орусиядан Кыргызстанга буудай данын жеткирүү токтогон жок жана чектөө болбойт.

Министрлик Кыргызстанда буудайдын көлөмү жылдын аягына чейин жетиштүү экендигин билдирип, өлкө 2023-жылдын 12-сентябрында 6 айлык мөөнөткө буудайды жана унду экспорттоого тыюу салганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM