Биз менен байланышыңыз

Матраимов иши: Жогорку Кеңештин депутаты сурак берип чыкты

Коом , Саясат | 9 Ноя 2023 | 1772 | 0

Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын, мамлекеттик органдар бул топко жакын делген 202 кызматкер тазаланып жатканын билдирген. Алардын арасында ЖК депутаттары, чоң кызмат адамдары да бар экени айтылган. Ал ортодо бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов УКМКга суракка чакырылды. Анда Матраимов иши боюнча күбө катары сурак берип чыкканы айтылууда. Ошондой эле интернетке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейинде жүргөн видеосу тарады. Ага президенттин админстрациясы жооп берди.

Учурда Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар чиновниктерди тазалоо кандай жүрүп жатат? Бул процесс эмнеден кабар берет жана аягына кандай чыгат? Саясатчылар моралдык жоопкерчилигин канчалык сезүүдө?

Буга чейин депутат Шайлообек Атазов анын тарапташтары  үч-төрт саатка камалып, кыйноого кабылганын, алардын абалы тууралуу маалымат жок болуп жатканын айткан жана “Фейсбуктагы” баракчасына «Мага жеткен маалымат боюнча аларды «шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла» деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алардын учурдагы абалы боюнча жеткиликтүү маалымат жок болуп жатат» деп жазган.

Атазов бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Бишкектин Свердлов округунда өткөн шайлоо боюнча күбө катары чакыртылганын, Матраимов тууралуу да сурашканын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Суракта сырды айтпаш керек дегенге кол коюп бердим. Бирок негизги тема – үгүтчүлөр тууралуу болду. Бизде катталган эмес, бирок мага үндөп жүргөн балдар. Алар 11 күндөн бери себепсиз убактылуу кармоочу жайда жатканы мени тынчсыздандырып, эгер эч кандай аргумент, далил болбосо чыгарып койсоңор деген оюмду айттым. Матраимов менен байланышың барбы? — деп сурады. Мен ал спорттук иш-чараларга, мелдештерге спортсмендерди өстүрүү үчүн жардам берип жүгөнүн айттым”.

Ал арада социалдык тармактарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейлик мааракесине катышканы тууралуу видео тараган.

Интернетте тараган видео тууралуу Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бул боюнча комментарий берип, ал видео эски экенин, тойго аны кошунасы катары чакырганын айтты.

«Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан эски видеосу — социалдык байланыш тармактарында жарыяланып, талкууга алынып жатат. Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.

Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз» , — деди Орунбеков.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен. Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер иштен алынып жатканы кабарланган.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын айтымында, кармалган адамдар кимдер экени, алар менен кандай байланышы болгону, кандай кызматта отурганы так, ачык коомчулукка айтылышы керек.

«Бул жерде тандалма саясат болот, анткени авторитардык режимде тандалма саясат жүрөт. Кызматта жүрүп, бийликке жардам берип, ошондой эле бийликтин ичинде интригаларды жаратып, так талашып же бирөөнүн кызыкчылыгын аткарбай койсо, бүгүнкүдөй балта чабылып, жумуштан алынышы мүмкүн. УКМКнын башчысы 200 кызматкер крим чөйрөсүнө, мафияларга тиешеси бар экени аныкталганын айтты. Бирок ошолор канчалык деңгээлде аралашкан, кайда аралашкан, аныкталган адамдар кимдер, кандай кызматтагы адамдар, аты-жөнүн коомчулукка так, ачык айтса жакшы болмок. Алар кандай критерий менен кармалганы, мыйзамга дал келеби ошол түшүнүксүз болуп жатат. Аларды соттун чечими менен кызматтан алса жакшы болмок, себеби булар кийин бийликке келип калбашы үчүн».

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай өнүккөн өлкөлөрдө, мафиянын, кримчөйрөнүн адамдары менен мамиле жоктугун, кандайдыр бир мааракесине катышпоосу керектигин мисалдар менен белгилеп өттү.

«Чыгышта, демократиялык коомдорду Жапонияны, Сингапурду, Кореяны алып көрсөк ал жакта мафия менен чогуу бир тойго барат деген түшүнүк жок нерсе. Мындай көрүнүш эң уят. Аларда мафия менен тойго барат деген эмес, мындай эле күнүмдүк жашоодо да байланыш мүмкүн эмес. Мисалы: Токионун мэринин аялы кызматтык унаа менен эс алуу жайына (дачага) барганы үчүн кызматтан алынган. Жапандарда мындай учурларда кызматтан өздөрү эле эч кимге жарыя кылбастан жумуштан кетет. Моралдык жактан да туура келбейт аларга».

Буга чейин Раим Матраимов тууралуу иликтөө жасаган журналист Али Токтакуновдун айтымында, бүгүнкү болуп жаткан аракеттерге журналисттик иликтөөнүн таасири бар. Азыр аты аталып жаткан саясатчылар тууралуу ошол иликтөөлөрдө деле айтылганын белгилейт.

«Албетте иликтөөлөрдүн түздөн-түз тиешеси бар. Себеби, азыр бийлик тарабынан айтылып жаткан фактылар ошол Улан Эгизбаевдин доорунан бери эле иликтенип келе жаткан. Андан кийин биз иликтеп, баарын текчелерге тизип койгонбуз. Андан тышкары бийликтин дагы иликтеп-аныктаганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Башка дагы маалыматтарды, байланыштарды, кылмыштарды тапкан болушу мүмкүн. Матраимовдун агасы “бизде клан жок, бир туугандар эле барбыз” деп жооп бериптир. Бирок таптакыр андай эмес. Алар бир туугандары Раимбек Матраимовдун таасири астындагы бүт Бажы кызматына, УКМКга жана башкага мамлекеттик маанилүү таасирдүү тармактарга Жогорку Кеңешке бир туугандарын киргизишкен. Жээндерин, куда-сөөк, дос-тамырларын дегендей… Мына ошолор менен биргеликте бул уурулук корупциялык схемаларды жүзөгө ашырып турушкан. Бийлик өкүлдөрү тагыраагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ачык айтып чыгып, “мафия” деп атаганы бул жөн нерсе эмес. Ошол мафия деген бул коррупциялашкан же болбосо криминалдашкан кландардын биригип алып, мамлекеттин турмушуна кийлигишип жатканынын белгиси. Мына ошону мафия деп аташат. Алардын ошондой чоң деңгээлде коркунуч туудурганын бийлик өкүлдөрү мойнуна алып, ууру мафияларга каршы күрөш жургүзүп жатканын белгиси».

Белгилей кетсек, буга чейин жогоруда аты аталган Раим Матраимов жана Камчы Көлбаев коомдо ири кайрымдуулук иштери менен да көп талкууга алынып келген. Ошондой эле чоң той берип, ага бир катар белгилүү саясатчылар барып катышканы тууралуу фото-видеолор да бир канча ирет интернетке тарап, коомчулук тарабынан сынга кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM