Биз менен байланышыңыз

Путин Казакстанга расмий сапар менен келди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2023 | 497 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 9-ноябрда Казакстанга расмий сапар менен келди. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Путин менен казак-орус сүйлөшүүлөрү өтө турган Акорда резиденциясында жолугушту.

Президенттер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюусу күтүлүүдө. Эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, актуалдуу эл аралык маселелер талкууланары буга чейин кабарланган.

Эки өлкөнүн лидерлери видеобайланыш аркылуу Костанайда өтүп жаткан Орусия менен Казакстандын аймактар ​​аралык кызматташуу форумунун жыйынына катышат. Форум айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM