Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Маалыматтар соцалдык тармактарга жарыяланды.
Видеодо депутат өзү айткандай, Бишкектин Свердлов округунда өткөн шайлоо боюнча тарапташтары суракка алынган, өзү да күбө катары чакырылды.
Атайын кызмат депутат кайсы иш боюнча суракка чакырылганын расмий кабарлай элек.
Шайлообек Атазов 2021-жылы №29 Свердлов шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Шайлообек Атазов мандаты жана Матраимов менен байланышы тууралуу үн катты