Биз менен байланышыңыз

Шайлообек Атазов мандаты жана Матраимов менен байланышы тууралуу үн катты

Кыска кабар | 3 Ноя 2023 | 1225 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатынын алынышы тууралуу кептерге жооп берип, тарапташтары суракка чакырылып, кыйноого алынып жатканын айтты.

«Бир нече күндөн бери, эки жыл мурун болгон Свердлов району боюнча шайлоо учурунда мага тарапташ болгон адамдарды ИВС ке алып кирип 3, 4 сааттан кармап кыйноого алып жатышат. Мага айткан маалымат боюнча шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти.

Алар эмне болушту, кабар жок болууда. Кенеш байке, Урмат ж.б.

Мен кантип депутат болдум?

Өлкөбүздүн бардык облустарынан жакшы ниет тилек билдиришип, биздин Свердлов райондогу туугандарына кабарлашып турушту. Ата-энелер, таква адамдар ыйлап дуба кылып жатышты. Штабта кечке чейин адам үзүлбөй иштешти. Баарына Ыраазымын.

Ал эми финансы маселеси боюнча, көп достордон карыз алдым. Үгүт иштерди жүргүзүү учурунда 74 жерде жолугушуу өткөрдүк. Программаларды ар бир үйлоргө жеткирүүгө аракет кылдык. Кыйынчылык көп болду. Кудайга жалындык жана элге таяндык. Алтынчы чакырылышта элдин маселелерин тынбай көтөрүп, чечип бир аз иштеп калдым эле, бул да мага кошумча жардам болду», — деди депутат.

Шайлообек Атазов Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу буларды билдирди:

«Ал киши спорттун көп түрүнө жардам берип келген. Мени спортчу катары сыйлап жүрдү. Акыркы учурда тренер катары жардам берди. Мелдештерге бокс боюнча спортчуларды жөнөттү. Мамлекет тараптан жетишбей калган маселелер бар даары- дармекти жаракат алуу, жол кире, кийими баарын колдоп берчүү. Тайланд, Монголия, Беларусия, Иордания, Россия ж. б өлкөлөргө барып өлкөбүздүн желегин көтөрүп келдик. Бирок, бизнесте, саясатта байланыштыгым болбоду. Мен кыргыз спортун өнүгүүсү үчүн 24 жыл өмүрүмдү арнадым. Бокс боюнча спорт чебери, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болдум. Өлкөмдүн желеги желбиреши үчүн бар күчүмдү жумшадым. Тренер болуп иштедим. Ондогон спорт чеберлерин, миндеген патриот жаштарды тарбияладым. 2008-жылы КР Спорттунун отличниги болдум. Жакында эле Президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан “КР дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамын алып сүйүнүп жатам. Жогорку Кенешке келгенден бери негизинен спорт жана маселелерин көтөрүп, чечүү үчүн жазып келем. Эмгекти эл өзү баа берет эми. Окуучуларымдын ийгиликке жетүүсү үчүн кандай гана инсандарга барып жардам сурадым. Убагында Жыргал Саматов, Мелис Мырзакматов, Мамасадык Бакиров жана башка көптөгөн адамдар жардам беришти. Спорт үчүн ким жардам берсе мен аны рахмат деп айтам. Саясатта өз жолум бар.

Негизи эле Райымбек Исмаилович бир күн өзү тизмелеп, кайсы чиновнике, депутатка, спортчуга жардам берип жүргөнүн айтып койсо жакшы болмок.

Мага болуп жаткан каралоолор дагы бир группасы жакында профсоюз ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссияга төрага болуп 1 жыл иштедим кийин көптөгөн адамдардын куйругун тепбелеп алдык эле. Балким бул да чоң бир себеп болуп жатат деп ойлойм. Бирок, булар баары мамлекет үчүн, эл үчүн болчу», — деди Атазов.

Буга чейин депутаттын мандаты алынышы мүмкүн деген маалыматтар тараган.

2-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев менен байланышы болгондор да жоопко тартыларын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM