Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан кенге бай». Жапаров германиялык инвесторлорду тоо кен тармагына чакырды

Кыска кабар | 9 Ноя 2023 | 235 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарында өткөн кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумуна катышты.

Анда Жапаров Кыргызстандын экономикасында өсүштөр болуп жатканын, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу өсүү темпи 107,0% түзгөнүн билдирди.

2022-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 1,1% гана түздү. Жакында жарыяланган БУУнун Туруктуу өнүгүү баяндамасына ылайык, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда уюмга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээледи.

«Кыргызстандын жер казынасы пайдалуу кендерге бай, алтынга, көмүргө гана эмес, темирге да бай – бир гана кендин бир участогунда эле 5 млрд тоннадан ашык руда бар, титанга, ошондой эле учурда жогорку экономикалык суроо-талапка ээ болгон сейрек кездешүүчү металлдарга (европий, цирконий, цезий, лантаноиддер тобу ж.б.) бай. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын март айында Европалык комиссия 34 минералды камтыган критикалык маанилүү чийки зат тууралуу актыны кабыл алган.

Анын ичинен 17 элемент стратегиялык чийки зат катары саналат. Бул 17 стратегиялык материалдын 10у Кыргызстандын кендеринде бар экенин белгилегим келет. Мисалга бир эле кендеги титаномагнетиттин болжолдонгон запасы 20 млн тоннага жакын, ал эми 21 элементти камтыган сейрек кездешүүчү металлдардын запасы 60 миң тоннадай деп айта алам. Биз германиялык өнөктөштөрүбүздү биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерине чакырабыз жана экономиканын бул келечектүү тармагы – тоо-кен тармагына инвесторлорду күтөбүз», — деди ал.

«Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча ондон ашык документке кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын  Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Гамбург шаарына жумушчу сапары менен келди.

Акылбек Жапаров Гамбург шаарына 7-ноябрда барды. Ал ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынына жана «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономика күнү» бизнес-форумуна катышты, ошондой эле Гамбург шаарынын Сенатынын президенти, биринчи мэри Петер Ченчер менен жолугушту.

Кыргыз-Герман ишкерлер кеңеши 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Ишкерлер кеңешинин төрагалары – кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жана герман тараптан Кыргызстандын Гамбургдагы ардактуу консулу Карл-Хуго Эрнст Элердинг саналат.

Ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн. Экинчи кеңешме 2023-жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM