Биз менен байланышыңыз

Калык Акы уулунун 140 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

Кыска кабар | 8 Ноя 2023 | 210 | 0

Бишкекте Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргыз улуттук «Манас» театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулуп жаткан айтыштын тандоо туру 15-ноябрда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында уюштурулат. Ал эми жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Байге фонду 1 миллион сом.

«Калыктын ырлары» биринчи жыйнагы 1936-жылы китеп болуп басылып чыккан. «Жаныш-Байыш», «Курманбек» өңдүү элдик дастандар 1938-жылы жарыяланган. Өмүр жолун баяндаган «Баскан жол» деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып калтырган.

Кыргыз маданиятын өстүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1939-жылы «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген наам берилген. Акын 1953-жылы 3-ноябрда дүйнө салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM