8-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +10…+15,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +20…+22 градус болот.