Биз менен байланышыңыз

Эртең Гамбургда кыргыз-герман ишкерлери бизнес-форум өткөрөт

Кыска кабар | 7 Ноя 2023 | 289 | 0

Эртең, 8-ноябрда Германиянын Гамбург шаарында кыргыз-немис ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана «Кыргызстандын экономика күнү» бизнес-форуму өтөт.

Иш-чаралар төрага Акылбек Жапаровдун Германияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында уюштуруларын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдарга Кыргызстан менен Германиядан 200гө жакын ишкер, бизнес компаниялардын өкүлү катышат.

Кыргыз-немис ишкерлер кеңешинин отурумунда жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, IT-тармагында кызматташуу сыяктуу темаларда панелдик талкуулар өтөт. Аны менен катар кыргыз ишкерлер немис ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири тааныштырып, бизнес-долбоорлорун сунушташат. Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыгарылган товарлардын көргөзмөсү уюштурулат.

Бизнес-форумда энергия алуунун жаңы булактары, өнөр жай, соода сыяктуу тармактарда кызматташууну бекемдөө, өркүндөтүү маселелери каралат.

Иш-чаралардын жыйынтыгы менен эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM