Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан улуттук электр тармагына» дизелдик генераторлор тапшырылды

Кыска кабар | 7 Ноя 2023 | 205 | 0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна (ААК) 8 дизелдик генератор тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 7-ноябрда өткөн тапшыруу салтанатына энергетика министри Таалайбек Ибраев да катышты. Чакан жыйын «Чүй электр тармактары» ишканасында өттү.

Ар бири 120 кВт кубаттуулуктагы 8 дизелдик генератор талаа шарттарында иштетүүгө ылайыкташкан. Энергетиктер аларды  жогорку чыңалуудагы көмөкчордондордо жана 10/0,4 кВт электрди оңдоо иштерин жүргүзүүдө элди свет менен камсыздап туруу үчүн колдонушат, ошондой эле кабель-линия тартылбаган жерлерде көчмө энергия булагы катары пайдаланылат.

Бул техникалар 10 млн 950 миң сомго алынган. Энергетика министрлиги генераторлорду сатып алууга санариптик системага өтүү, ички чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле светтин баасын 77 тыйындан 1 сомго көтөрүү да жардам бергенин белгилеген маалыматында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM