Биз менен байланышыңыз

Президент элчи Эрбол Султанбаевди кабыл алды

Кыска кабар | 6 Ноя 2023 | 365 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды. 

Мамлекет башчысы Султанбаевге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү боюнча бир катар милдеттерди койду.

Элчи Эрбол Султанбаев беларус тарап менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча белгиленген пландар тууралуу айтып берди.

Эрбол  Султанбаев 31-октябрда Кыргызстандын Беларусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Ага чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы болуп иштеген.

Кыргызстандын Беларустагы элчиси буга чейин Эрмек Ибраимов болгон. Ал бул кызматка 2019-жылдын июнь айында дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM