Биз менен байланышыңыз

Айыл аймактарды реформалоо боюнча долбоорлор талкууланды

Кыска кабар | 6 Ноя 2023 | 304 | 0

2024-жылдын 1-апрелине чейин административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде ишке ашыруу боюнча президенттин жарлыгы чыгуусу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинде өткөн жыйында айтылды.

Ошондой эле, 2024-жылдын 1-июнуна чейин «Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө» мыйзамдын негизинде тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Өкмөттөгү жыйында аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр айыл аймактарды бириктирүү боюнча долбоорлорду сунушташты. Буга чейин райондук мамлекеттик администрациялардын деңгээлинде жумушчу комиссиялар түзүлгөн.

Өкмөттөн билдиришкендей, айыл-аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында депутаттар тарабынан каралган.

Административдик-аймактык реформанын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү деңгээлин, жер-жерлерде чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгын жогорулатуу, ошондой эле финансы каражатарын кыскартуу жана кайра бөлүштүрүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM