Биз менен байланышыңыз

Бир аптада 264 адам мас абалында унаа башкарган

Кыска кабар | 6 Ноя 2023 | 310 | 0

30-октябрдан 5-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча өлкө аймактарында 18711 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинен 264 адам мас абалында унаа башкарган. Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 42 айдоочу аныкталды.

Мындан тышкары, тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкарган 262 адам, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 922, ал эми 2781 адам транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузган, авто ээнбаштык боюнча 4 факты, белгиленген ылдамдыктан ашуу боюнча 3955 учур катталды.

Үч жаран жалган мамлекттик номуру менен унаа башкарган, башка жол эрежелерин бузуу фактылары 733.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1541 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM