Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы эки жерде “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ачылды

Кыска кабар | 5 Ноя 2023 | 196 | 0

Бишкекте дагы эки үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ачылды.

Кечээ, 4-ноябрда, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Жал кичи районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалынын базасында уюштурулган эки мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 мамлекеттик дарыкананы ачуу пландалууда. Дарыканаларда дары-дармектердин ассортиментин кийинчерээк сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM