Биз менен байланышыңыз

«Күн кармаган бала» Бакуда баш байгени багындырды

Кыска кабар | 5 Ноя 2023 | 928 | 0

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры Азербайжандын Баку шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун эл аралык театр фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштурган фестивалга облустук театр кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин «Күн кармаган бала» чыгармасы менен катышты. Спектаклди жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон.

Бул ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштурган алгачкы театр фестивалы. Экинчи фестиваль 2024-жылы Ашхабад шаарында өтөт.

Айта кетсек, бул спектакль 2023-жылы Бишкекте өткөн «Арт-Ордо» IX эл аралык фестивалында баш байгени багындырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM