Биз менен байланышыңыз

Талас: Арал айылында 450 орундуу мектеп ачылды

Кыска кабар | 5 Ноя 2023 | 137 | 0

Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы К. Нанаев атындагы 450 орундуу мектептин курулушу аяктады.

Билим уясынын курулушу Республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Анын жалпы аянты 3396,52 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттуу имараттан турат. Мектеп 450 орунга ылайыкталган. Негизги класстык кабинеттерден сырткары тил кабинеттери, өнөрканалары, химия жана биология класстары бар. Окуучулар үчүн курулган спорт залдын аянты 308 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө имараттагы бардык курулуш-монтаждоо иштери план боюнча аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM