Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү инвесторлор Чүйдө көп функционалдуу логистикалык борбор курат

Кыска кабар | 5 Ноя 2023 | 725 | 0

Жергиликтүү инвесторлор тарабынан Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында Министрлер Кабинети менен «Алканов Групп» ЖЧКсынын ортосунда «Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борборду куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган. Долбоордун жалпы баасы 20 миллион АКШ долларын түзөт.

Долбоор жалпы аянты 10 080 м2 жана кургак кампа 20 160 м2 болгон калибрлөөчү линиясы, жуугуч, таңгактоочу жана лабораториясы бар айыл чарба продукциялары үчүн бажы кампаларын түзүүгө багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM