Биз менен байланышыңыз

Жогорку соттун Сот департаментинин кызматкери кармалды

Кыска кабар | 4 Ноя 2023 | 387 | 1

УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 3- ноябрында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери 45 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери Т.Н.Ж. сот аткаруучулар кызматынын кызыкчылыктарына каршы, ошондой эле материалдык пайда алуу максатында Б.И.М. аттуу жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселеси оң чечилиши үчүн 45 000 сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Н.Ж.нын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 000 сомдук каражат табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Т.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

1 пикир

1 пикир

  1. Светлана Калиевна

    05.11.2023 02:19

    Укмканын ыкчам иликтөө тобуна рахмат иштерине ийгиликтерди каалайм кубатым.
    Менден да алып банк үйдөн чыгаруу ишти мыйзамсыз жүргүзүп келген,булар курөгө коюлбаган үйдү алабыз деп жатат ушуларды да бир текшерип чек койсо экен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM