Биз менен байланышыңыз

Асел Чынбаева КМШ Балдар акыйкатчыларынын жыйынына катышты

Кыска кабар | 4 Ноя 2023 | 208 | 0

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендеринин) комиссиясынын экинчи отурумунун ишине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандан комиссиянын мүчөлөрү жана КМШнын Экономикалык Сотунун, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө 11 маселе, алардын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын бакубаттуулук индексин иштеп чыгуу, кабыл алуучу мамлекеттин социумуна эмгек мигранттарын интеграциялоону жөнөкөйлөтүүчү чаралар, калыбына келтирүүчү медиация инструменттерин колдонуу аркылуу жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу жана өсүп келе жаткан муундун укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка маанилүү маселелер каралды.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Комиссиянын 2023-2024-жылдарга карата Иш планын бекитишти, анда 35 иш-чара каралган. Пландын бардык иш-чаралары Комиссияны түзүүнүн негизги максатын — балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырууга багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM