Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров БУУнун өкүлү менен Бишкектеги ыш маселесин талкуулады

Кыска кабар | 4 Ноя 2023 | 208 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук өнүгүү форуму-2023: «Жакырчылык жана теңсиздик» форумунун алкагында БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Тараптар борбор калаадагы абанын булганышы көйгөйүнө жана анын себептерине өзгөчө көңүл бурушту.

Бул багытта Министрлер кабинети тарабынан экологиялык таза энергия булактарын ишке киргизүү, калктын электромобилдерге өтүүсүн өбөлгөлөө, ошондой эле коомдук транспорттун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча активдүү чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Тараптар ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, креативдүү экономика чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты жана тоо-кен тармагынын күн тартибине кеңири токтолушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM