Биз менен байланышыңыз

Сот үч адамдын өлүмүнө айыпталган кишини өмүр бою эркинен ажыратты

Кыска кабар | 3 Ноя 2023 | 724 | 0

Бишкектин Октябрь райондук соту 3-ноябрдагы отурумунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-кызматкери, үч адамдын өлүмүнө айыпталган Чынтемир Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү) 1, 3, 7, 12-пункттары боюнча күнөөлүү деп табылды.

Быйыл февралда мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысы боюнча 37 жаштагы жаран кармалган. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринен шаар тургунунун жана анын эки жашы жете элек баласы — 2005-жылы туулган кыз менен 2016-жылы туулган баланын жансыз денелери табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM