Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Тогуз айда 119 милиция кызматкерине тартип жазасы берилген

Кыска кабар | 3 Ноя 2023 | 289 | 0

2023-жылдын тогуз айында ички иштер органдарында кызмат өтөгөн 119 кызматкерге, анын 66 жетекчиге тартип жазасы берилген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин отчёттук отурумунда айтылды.

Тартип жазасын алгандардын айрымдарына мурда берилген жазалар чектелип, алардын иши жыл жыйынтык отурумда карала турган болду.

Айта кетсек, бүгүн, 3-ноябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков акыркы тогуз айдын жыйынтыгын караган коллегиялык отуруму өткөрдү.

Жыйында каралган маселелердин, коюлган талаптардын, берилген сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөө ИИМдин башкы штабына жүктөлдү.

«Коллегиянын кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын жүзөгө ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо, коомдук тартипти сактоо, кылмыш менен күрөшүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин мыйзам чегинде коргоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн», — деди Улан Ниязбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM