Connect with us

Эки жыл ичинде жумушсуздуктун саны 7,7% кыскарганы айтылды

Кыска кабар | 3 Ноя 2023 | 383 | 0

Кыргызстанда эки жыл ичинде жумушсуздардын саны 7,7% кыскарды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова «Жакырчылык жана теңсиздик» аттуу улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди.

Форумдун максаты – улуттук прогрессти жана өнүгүү максаттарына жетүүдөгү чакырыктарды карап чыгуу, жакырчылыкты кыскартууга багытталган саясатты аныктоо жана аны кыскартуу жолдорун талкуулоо. Улуттук форум жакырчылык жана теңсиздик менен күрөшүүгө багытталган мамлекеттик жана коомдун ресурстарын мобилизациялоо боюнча эң мыкты улуттук жана эл аралык тажрыйбаларды сунуштайт.

«Акыркы эки жылда республикада жумушсуздардын саны 7,7%га, ал эми расмий жумушсуздук 0,3%га кыскарды. Ошону менен бирге калкты ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү жаатында аткарылган иштердин натыйжасында калкты иш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү жакшырды. Эки жылдын ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтары 60 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылды», — дейт Гүлнара Баатырова.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM