Биз менен байланышыңыз

«Атазов менен кримтөбөл Досонов сүйлөштү» делген үн жазма тарады (видео)

Кыска кабар | 3 Ноя 2023 | 219 | 0

Социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен «Женго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун сүйлөшкөнү тууралуу үн жазма тарады.

Үн жазмадан түшүнгөнүбүзгө караганда, Кадыр Досонов Шайлообек Атазовго уюшкан кылмыштуу топтор боюнча маселе көтөрбөөнү эскерткен. Ошондой эле кайсы бир топтордун чатагы, ага Кадыр Досоновдун жеке айдоочусу да аралашып калганы тууралуу кеп болгон.

Сүйлөшүүдө Айбек деген да ысым аталган. Айрым социалдык тармактын колдонуучулары ал Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Айта кетсек, «Маралга» ишенимдүү булактар депутат Шайлообек Атазов мандатынан ажырашы мүмкүн экенин кабарлаган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM