Биз менен байланышыңыз

Ниязбеков: Көзөмөл камералар аркылуу 9 айда 2500 кылмыш аныкталды  

Кыска кабар | 3 Ноя 2023 | 265 | 0

Бүгүн, 3-ноябрда Ички иштер министрлиги 2023-жылдын акыркы тогуз айында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган отурум өткөргөнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга министр Улан Ниязбеков баштаган борбордук аппараттын өкүлдөрү, Ички аскерлердин кол башчысы, министрликке тиешелүү окуу жайлардын жетекчилери, Чүй облустук, Бишкек шаардык башкармалыктардын жетекчилери, орун басарлары, «Унаа» жана «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканаларынын жетекчилери офлайн, башка облустук, райондук, шаардык башкармалыктардын жетекчилери, орун басарлары онлайн катышты.

Отурумда үч маселе каралды:

  1. Ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы;
  2. үй-бүлөлүк зомбулуктар, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштар, резонанс жараткан фактылар жана алардын алдын алуу иш-чаралары;
  3. жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишмердиктин натыйжалары.

Жыйында сөз сүйлөгөн министр Улан Ниязбеков аткарылган бир катар иштерге токтолду.

Кылмыш менен күрөшүүнүн заманбап талаптарына даярдануу үчүн чет мамлекеттерден 300дөн ашык кызматкер киберкоопсуздук, санарип, кылмыш иликтөө, баңгизат, экстремизм, коомдук коопсуздук сыяктуу багыттар боюнча окуп, тажрыйбадан өтүп келишкен.

Жалпы өлкө боюнча кооптуу деп эсептелген тилкелерге, мерчемдүү жерлерге 3 миңден ашык видеокамера орнотулган. Анын ичинен 760 камера эл аралык талаптарга жооп берген заманбап жабдуу болуп эсептелет. «Мониторинг борборуна» заманбап технологиялык жабдуулар, каражаттар алынган.

Акыркы тогуз айда ушул видеокамералардын жардамы менен 2 миң 500 кылмыш аныкталып, 555 адам жоопко тартылган. Ар кандай мүнөздөгү 500дөн ашык укук бузуу, кылмышка бөгөт коюлган.

Коомдук жайларда тартипке көз салуу үчүн 2 миң 800 кайгуул топ түзүлгөн. Учурда анда 4 миң кызматкер иш алып барууда. Анын натыйжасында коомдук жайларда жасалган жосунсуз жоруктар, кылмыштар 6%га, адам өлтүрүү 18%га, унаа айдай качуу 16%га, башка уурулуктар 11%га азайган. Акыркы тогуз айда кылмыш өткөн жылга салыштырмалуу 3%га аз катталган.

Учурда 59 көчмө кабылдама аймактарды кыдырып, арыз-кайрылууларды кабыл алып, кеңештерди, жардамдарды берип жүрүшөт.

Эл ичинде чуу жараткан кылмыштарды болтурбоо, жол кырсыктарына, укук бузууларга бөгөт коюу максатында 40 миңден ашуун профилактикалык иш-чара өткөрүлгөн.

ИИМдин жалпы башкармалыктары, бөлүмдөрү төрт мезгилге ылайыкташкан жаңы форма менен 100% камсыз болгон.

Аймактык тескөөчүлөр үчүн, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер үчүн 1000 бодикамера, 500 планшет алынган. Тиешелүү кызматтар, бөлүмдөр 600 компьютердик жана башка заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалган. Андан тышкары 150 автоунаа, 21 мотоцикл аймактарга таратылып берилген. Эл аралык келишимдердин жардамы аркасында 20 даана «АвтоУраган» аппараттык-программалык комплекси алып келинген.

Бул өңдүү иштердин натыйжасында кылмыштын бетин ыкчам ачуу 4%га жакшырган. Ыкчам аракеттердин аркасында 6 тоннадан ашуун баңгизат колго түшүрүлгөн.

Кылмыштарды калыс тергөө, элдин арыз-даттанууларына туура чечим чыгаруу үчүн «Таза тергөө» программасы иштеп жатат. Мунун натыйжасында 11 миң 501 кылмыш сотко жөнөтүлүп, тергөө жолу аркылуу 2 миң 400 кылмыштын бети ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM