Биз менен байланышыңыз

Абактагы күзгү майрам: Эркиндикти самаган аялдар

Коом | 2 Ноя 2023 | 549 | 0

Чүй облусунун Степное айылында №2 аялдардын абагында “Алтын күз майрамы” белгиленди. Бул жерде 200гө чукул аял ар кайсы беренелер менен соттолуп, кармалууда. Алар жумушка жарамдуулугуна жараша отряд-отряд болуп бөлүнөт. Бүгүнкү саамалыкка беш отряд катышты. Алар алтын күз майрамына бир айга жакын убакыт даярданышкан. Ал арада алар өз чыгармачылыктары менен ар кандай кийимдерди, улуттук тамактарды даярдап конкурска катышышты. Бул мекемедеги аялдардын негизги максаты эртерээк эркиндикке чыгып, балдарынын, неберелеринин жанында болуу.

Каармандарыбыздын сунуштары менен биз алардын аты-жөнүн өзгөрттүк. Абактагы мөөнөтүнүн бүтүүсүнө бир жыл калган Жазгүлдүн (ред: аты өзгөрдү) айтымында, абакта айымдар ушундай майрамдарда ичте каткан таланттарын чыгарып, кадыресе күндөрдөн өзгөчөлүнүп жатканына сүйүнүшөт.

“Биз бул майрамга бир айдай даярдандык. Ал аралыкта күлдүк, жыргадык, ыйладык. Бул жакта ушундай майрамдарда кыздар сыртта көргөзө албаган өнөрлөрүн, таланттарын ушул жерде көргөзүп, өздөрүнө сабак алышат. Биз ушундай майрамдарды аябай күтөбүз. Менин чыгуума бир жыл калды. Бул жака келгенде тигүүнү үйрөндүм, сыртта тиккенди билбейт болчумун. Буюруса, чыкканда алдыда жакшы максаттарым, кыялдарым бар. Мекеменин жетекчилигине ыраазычылык билдирем, бизге ушундай шарттарды түзүп, жашоого болгон көз карашты өзгөртүп, бизге багыт берип жаткандарына”.

Элечек кийген Миргүл (ред: аты өзгөртүлдү) бизди анын командасы жасаган тамактардын түрү менен тааныштырды. Ал башка атаандаштарына караганда алардын тайпасы улуттук тамактар көргөзмөсүндө айырмаланып турганын айтты. Ушундай кыйын күндө, бул күн өзгөчө болуп жатканын, аманчылыкта балдарынын, неберелеринин жанында болууну максат кылган  Миргүл буларга токтолду:

“Биз үч күндөн бери улуттук тамактарды даярдап, кызуу даярдандык. Бул жерде нан, быжы, беш бармак, жарма, боорсок, каттама, олобо ж.б Кыргызды кыргыз кылган тамактардын баарын жасаганга, дасторкондун көркүн чыгарганга аракет кылдык. Башка атаандаштарга караганда биз даярдаган тамактар өзгөчө экен. Биз ушундай кыйын абалда турсак да, Кудай буюруп, чоңдорго ынсап берип, бизге жеңилдик берилсин деп ар дайым тилек кылабыз. Биз да бул жерден чыгып, балдарыбыздын-неберелерибиздин жанына барып, бактылуу чоң апа болуп отургубуз келет”.

Жаза аткаруу кызматынын тарбия жана социалдык башкармалыгынын башчысы ички кызматынын полковниги Нурдин Бердикожоевдин айтымында, мындай иш-чаралардын башкы максаты абактагы аялдарды коомго кошууга, алар сыртка чыккандан кийин эл менен аралашуусу жеңил болуусу үчүн байма-бай уюштурулуп турат.

“Жаза аткаруу кызматынын башкы максаты абактагы аялдарды тарбиялап, аларды кайра коомго кошуу. Бул жакта өткөрүлүп жаткан иш-чара ошонун бир бөлүгү болуп саналат. Бул жерде соттолгондор жөн эле отуруп же жөн гана тигүү цехинде иштеп отура бербестен, өздөрүнүн эмоцияларын чыгарып, ички дүйнөсүн азыктандырып турушат. Мындай иш-чаралардын баары аялдардын демилгеси, каалоосу менен уюштурулуп, өткөрүлөт. Бүгүн “Алтын күз” майрамын жакшы деңгээлде өткөрүп жатабыз, бул жерде айымдар өздөрүнүн талантын көрсөтүп, ырдап, бийлеп ырахат алып жатышат”.

Степное айылындагы аялдардын мекемеси 1962-жылы 416 адамга ылайыкташтырылып пайдаланууга берилген. Бугүнкү күндө 183 адам бар. Ошондой эле үч жашка чейинки балдары менен болгон аялдар үчүн баласы менен чогуу калууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Айымдарды тарбиялоо максатында кесиптик окутуулар да жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү күндө 60тан ашуун аял тигүү цехинде иштесе, 9 аял нан бышыруучу жайда иштешет.

Copyright © 2017 Maral FM