Биз менен байланышыңыз

Опузалап пара алууга шектелген прокурордун жардамчысы кармалды (видео)

Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 508 | 0

Опузалап пара алууга шектүү прокурордун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын сентябь айында ИИмге жана Башкы прокуратурага Жалал-Абад облусунун тургуну кайрылган. Ал арызында прокуратура кызматкери коркутуп, көптөн бери акча алып жүргөнүн айткан.

Бул факты Аскер прокуратурасында катталып, иликтөө үчүн Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Топтолгон материалдардын негизинде ошол эле айда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен иш козголгон. Анын алкагында ыкчам аракеттерди ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын 4-бөлүмү жүргүзгөн.

Октябрь айында айтылган прокуратура кызматкери Аксы районунан Тогуз-Торо районуна прокурордун жардамчысы кызматына которулуп кеткен. Ага карабастан айдын аягында ишкерге чалып, 20 миң сом пара сураган. Ишкер сураган суммасына атайын белгилерди койдуртуп, анан электрондук капчыгына которгон.

Ошол эле күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-бөлүмү менен Жалал-Абад облустук аскер прокуратурасы жардамчы прокурорду иш үстүнөн кармашкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белги коюлган акчалар далил катары төлөм терминалынан алынган. Соттун чечими менен ал гаупвахтага камалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM