Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Чүйдөн 55 гектар жерди басып алууга шектүү депутат камакка алынды

Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 523 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдөн жергиликтүү кеңештин депутаты Н.С. 55 гектар жерди басып алууга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы жүргүзгөн иликтөөдө Москва районунда 55 гектар жер өзүм билемдик менен басып алынганы аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси менен иш козголгон.

Маалым болгондой, Москва районунун тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты айыл өкмөттүн карамагындагы жерди пайдалануу үчүн тиешелүү документтери жок экенине карабай, ыйгарым укуктарынан пайдаланып, айдоо аянтын басып алып иштетүүгө тааныш адамдарына буйрутма берген.

Учурда камакка алынган депутат ИИМдин тергөө башкармалыгында сурак берип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM