Биз менен байланышыңыз

Ички каттамдарга түрк авиакомпаниясынын учактары колдонулушу мүмкүн

Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 660 | 0

«Кыргыз аба жолдору» авиакомпаниясы Кыргызстандын ички каттамдары үчүн түрк авиакомпаниясынын учактарын пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Болотбек Дыйканбаев менен аталган компаниянын башкы директору Вейсел Жеңгиздин жолугушуусунда айтылды.

Түркиялык CEO 3C International & Blue Jet Airways компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

“Биз бул компанияны өз учактарын «Кыргыз аба жолдорунун» базасында колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштадык. Башкача айтканда, алар өз учактарын биздин авиакомпаниянын ички каттамдары үчүн берет. Учактар Кыргызстандын каттоосунда болуп, ижара эмес, өнөктөш катары өз үлүшүн алышат”, — деди «Кыргыз аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясынын вице-президенти Абдулазиз Ботбаев.

Түркиялык 3C International & Blue Jet Airways компаниясы жүк жана жүргүнчүлөрдү ташыйт. Компания Кыргызстандын авиация рыногун өнүктүрүүгө кызыкдар, бирок олуттуу кызматташуу маселеси кароо стадиясында.

Copyright © 2017 Maral FM