Биз менен байланышыңыз

Франция президентинин Борбор Азия турнеси башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 714 | 0

Франциянын президенти Эммануэл Макрон бүгүн 1-ноябрда Казакстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Франция президентин Астананын аба майданынан Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов тосуп алды. Макрондун Астанага болгон бул сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев менен фармацевтика жана аэрокосмос тармагында документтерге кол коюлуусу күтүлүп жатканы айтылды.

Франция президентинин Борбор Азия турнеси, 2-ноябрь күнү Өзбекстанда уланат. Өзбекстанга да расмий сапар менен чакырылган. Сапардын алкагында Өзбекстандын жогорку бийлик бутактарынын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM