Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бишкекте майрамга карата гарнизондук-саптык кароо өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 545 | 0

Бүгүн, 1-ноябрда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта ички иштер кызматкерлеринин гарнизондук-саптык кароосу өттү.

Салтанат милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, ички иштер министри, генерал-лейтенант Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМ бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын жетекчилери, кызматкерлери, ички иштер органдарынын ардагерлери катышты.

Саптык кароодон Атайын багыттагы полк, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Кайгуул кызмат башкармалыгы, Бишкектин жана Чүй облусунун милиция бөлүмдөрү, Ички аскерлер бөлүмү, ИИМ академиясынын курсанттары өтүштү.

Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, милиция кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.

Гарнизондук-саптык кароо салтанаттуу марш менен аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM