Биз менен байланышыңыз

Аткез кальянды мыйзамсыз саткан сот аткаруучу менен бажычы камалды

Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 445 | 0

Аткезчилик жол менен келген кальянды мыйзамсыз саткан сот аткаруучу жана бажы кызматкери камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 27-июлунда аткезчилик жол менен алынган 24 миң 738 кг салмактагы болжолдуу 48 млн 706 миң 780 сомдук Serbetli кальян тамекисин Ош облустук соту мамлекетке конфискациялап, андан соң Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Сот аткаруучулар кызмат бөлүмү Кара-Суу райондук салык кызматы менен тымызын сүйлөшүп, мекемелер аралык комиссия түзүшүп, жабык аукциондо сатуу үчүн «Бажы инфратүзүмү» мамлекеттик мекемесинин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн.

Айтылган бөлүмдүн жооптуу адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары белгилеген товарлардын реалдуу бааларын эске албай, жабык аукциондо товарларды 8 млн 497 миң 503 сомго сатышып, бул үчүн ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

УКМК жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында кечээ, 31-октябрда «Бажы инфратүзүмү» мамлекеттик мекемесинин түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук сот аткаруулар кызмат бөлүмүнүн башчысы М.К. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалын кыянат пайдалануу) менен айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо чаралары көрүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM