Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Биз палестин калкы менен биргебиз

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 833 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Израил жана Палестинадагы абал боюнча видеокайрылуу жасады.

Ал дүйнөлүк коомчулуктун күн тартибинде турган Израил менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш тууралуу сөз сүйлөдү.

Мирзиёев эки тараптан тең каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, бул кагылышууда бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылып жатканын белгиледи. Ал Газадагы палестин калкына жардам берүү үчүн мамлекеттик казынадан БУУнун Жакынкы Чыгыштагы агенттигине 1,5 млн доллар каражат бөлгөнүн билдирди.

«Биз Палестина эли менен бирге экенибизди баса белгилейм жана БУУнун Башкы ассамблеясы менен Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган резолюцияга ылайык, көз карандысыз Палестина өлкөсүн түзүү укугун колдоп, кубаттайбыз», — деген Өзбекстандын президенти.

Мирзиёев эки тарапта тең күч колдонуу улана берсе, бул согушка жаңы күчтөр тартыла турганын, натыйжада абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертти.

«Бул абал бир гана Жакынкы Чыгыш менен чектелбей, башка өлкөлөргө да жайылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз эки тарапты тең сүйлөшүүгө, маселени тынч жол менен чечүүгө чакырабыз. Биз жашап жаткан Борбор Азия чөлкөмү түрдүү улуттардын жана конфессиялардын өкүлдөрү ынтымак жана ымалада жашаган тажрыйбага ээ. Кылымдар бою мусулман, христиан жана иудейлер бири-бири менен чогуу, аралашып жашап келет. Мен бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык мекендештерге, айрыкча жаштарга кайрылам: ар кандай чакырыктарга азгырбагыла, мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасабагыла. Биздин эң чоң күчүбүз — биримдигибиз жана тынчтыгыбыз», — деп кошумчалаган Шавкат Мирзиёев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM