Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 500 млн доллар инвестиция салат

Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 589 | 0
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви

Дүйнөлүк банк жаңы беш жылдык программанын алкагында Кыргызстанга 500 миллион доллар бөлүүнү пландаган. Инвестициялар бир катар тармактарга багытталат. Бул тууралуу Өнүктүрүү институту билдирди.

Дүйнөлүк банк өнөктөштүктүн жаңы алкагына ылайык, консультация жана техникалык жардам аркылуу өлкөнүн экономикалык трансформациясын колдойт. Жалпы 500 миллион долларга жакын суммадагы долбоорлорду каржылоо пландалууда.

Ал акча энергетика, суу ресурстары жана айыл чарба тармактарына багытталат.

«Дүйнөлүк банктын жалпы миссиясы өтө жакырчылыкты жоюу болуп саналат. Учурда Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы программасы ар кандай секторлорду модернизациялоону жана өнүктүрүүнү колдогон 22 долбоордон турат, алардын милдеттенмелери 1 миллиард доллардан ашык сумманы түзөт», — деп айтылат Дүйнөлүк банктын маалыматында.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви быйыл сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушкан.

Анда тараптар Дүйнөлүк банктын 2024-2028-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы алкактык программасын, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну, энергетика тармагын өнүктүрүү жана Digital CASA долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM