Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандан тогуз айда 180 миңден ашуун адам көчүп кеткен

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 653 | 0

2023-жылдын тогуз айында Өзбекстандан 181 миң 100 адам көчүп кеткен. Бул тууралуу айтылган өлкөнүн Статистика агенттиги жарыялаган отчётто айтылат.

Булардын ичинен 81,3%ы Казакстанга, 15,3%ы Орусияга, 0,5%ы Кыргызстанга, 0,5%ы Түштүк Кореяга, 0,2%ы Түркмөнстанга жана да 2,2%ы башка өлкөлөргө кетишкен. Журт которгондордун 10,4%ы эрезеге жете элек балдар, 81,4%ы эмгекке жарамдуу курактагылар, 8,2%ы карылар болуп эсептелет.

Өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу өлкөдөн чыгып кеткендер айрыкча Каракалпакстанда көбөйгөн. Андан кийинки орундарда Навои, Бухара, Хорезм облустары, Ташкент шаары турат.

Ошол эле учурда ушул эле айларда Өзбекстанга 168 миң 700 адам көчүп келген. Алардын 38,9%ы Орусиядан, 24,4%ы Казакстандан, 10,5%ы Тажикстандан, 5,1%ы Кыргызстандан, 1,6%ы Түркмөнстандан, 19,4%ы башка өлкөлөрдөн келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM