Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын мэри алмашты

Кыска кабар | 31 Окт 2023 | 531 | 0

Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри кызматынан алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 31-октябрда маалымдалды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Эмилбек Абдыкадыров ээлеген кызмат ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулду.

63 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 2022-жылдын 22-февралында дайындалган. Бир нече жыл Бишкек шаарынын вице-мэри болгон. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими кызматын аркалаган.

Андан тышкары «Нур Строй монтаж» курулуш компаниясынын башкы директору катары белгилүү.

Бишкек шаарынын мэри кызматына Айбек Жунушалиев дайындалганы белгилүү болду.

Ал 2021-22-жылдары борбор калаанын мэри болуп иштеген. Кийин Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жетекчи болгон.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдары боюнча, Бишкектин мэрин дайындоо жана кызматтан алуу укугу президентте.

Copyright © 2017 Maral FM