Биз менен байланышыңыз

Президенттин басма сөз катчысы алмашты

Кыска кабар | 31 Окт 2023 | 395 | 0

Аскат Алагөзов президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өлкө башчынын басма сөз катчысы болуп буга чейин Эрбол Султанбаев иштеп келген. Ал 31-октябрда Кыргызстандын Беларусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM