Аскат Алагөзов президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өлкө башчынын басма сөз катчысы болуп буга чейин Эрбол Султанбаев иштеп келген. Ал 31-октябрда Кыргызстандын Беларусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.