Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту: ЖМК жөнүндө мыйзамды кайра иштеп чыгуу зарыл

Коом | 31 Окт 2023 | 542 | 0

Акыйкатчы институту медиа тармагындагыларды жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тынчсызданткан «Жалпыга маалымдоо каражаттары» тууралуу мыйзам долбоорун карап, талдап, айрым беренелер эл аралык стандарттарга шайкеш келбестигин аныктап, мыйзамды өзгөртүү керек деген корутунду чыгарган.

Буга чейин да өлкөдөгү медиа коомчулук, эл аралык уюмдар да бул мыйзам аркылуу өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына балта чабылаарын, медиалардын ишердүүлүгүнө кысым болоорун айтып келишкен. Бирок демилгечилер бул мыйзам керектигин, өлкөдө эч кандай сөз эркиндигине, адам укугуна чектөө, кысым болбосуна кепилдик берип келишет.

Кыргызстанда “Жалпыга малымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам 1992-жылы кабыл алынган, андан бери ага бир нече жолу өзгөртүүлөр, толуктоолор гана киргизилип келген.

Бүгүнкү иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаттары, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве жана мамлекеттик, эл аралык, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын айтымында, мыйзамды анализдөөдө ар бир тараптан кызыкчылыгы эске алынып, мыйзамдын негизинде талдоо жүргүзүлгөн.

«Акыйкатчы институту өзүнүн макамына ылайык, бул мыйзам долбоорун анализдеп, талдап чыктык. Иштин жүрүшүндө баш мыйзамды эске алдык. Демилгечилердин, жарандык коомдун, медиалдардын, эл аралык уюмдардын жалпы эле бул мыйзамга ким кызыктар болсо баарынын позицияларын уктук. Бул мыйзамдын долбоорунда 56 берене бар экен. Анализдин жыйынтыгында кээ бир беренелер толук иштелбей калганын байкап, кайра жеткиликтүү иштелип чыгышы керек деген пикирге келдик. Аны менен катар айрым беренелерди эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Жалпылап алганда биз бул мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керек деген чечим кабыл алдык. Акыйкатчы институту жарандык коом болобу, аткаруу, мыйзам чыгаруу органы болобу биз баарын диалогго чакырабыз. Биз баарына бир көпүрө болуп берүү максатында, бүгүнкү иш-чараны уюштурдук».

Бүгүнкү иш-чарага келген Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин айтымында, бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан ЖМК боюнча мыйзам эскирген жана азыркы учурдагы талаптарга жооп бербейт.

Ошондой эле ал сунушталып жаткан мыйзамды кабыл алуу керектигин, учурдун талабы экенин кошумчалады.

«Азыр колдонуудагы мыйзам эскирген, андан бери 30 жылдан өттү. Тагыраагы 1992-жылы кабыл алынган.  Анда учур башка болчу, ал кездин талабы да башкача эле. Ал кезде  интернет, веб-сайт деген нерселер жок болчу. Андыктан мен ойлойм, бул жаңы мыйзам маанилүү, учурдун талабына ылайык, заманбап мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Сөзсүз бул мыйзам парламентте кызуу талкуу болот, парламентке чейин талкуулар да айтылган, жалпы эле медиа өкүлдөрүн айткандарын эске алуу менен Жогорку Кеңеште кызуу талкууланат деп эсептейм».

Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын май айында сунуштаган. Жумушчу топко кирген эркин медиалардын өкүлдөрү, юристтер принципиалдуу маселелер боюнча берген сунуштары кабыл алынбай жатканын айтышкан.

Долбоордо веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тармактык маалымат каражаты катары каттоодон өтүүгө милдеттүү экени жазылган. Бул эреже медиа коомчулуктун нааразычылыгын жараткан

Мыйзам долбоорунун бешинчи варианты 56 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиа мекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.

Алсак, документте үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радиолор, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалымат чогултуу, аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинет.

Мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштай турганы жазылган. Ошондой эле веб-сайттар Санариптик министрлигинен милдеттүү түрдө тармактык маалымат каражаты катары катталууга тийиш деген талап коюлган. Дал ушул сунуш талаш жаратууда.

Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков талкуунун жүрүшүндө медиа өкүлдөр мыйзамдын демилгечилеринен “бул мыйзам эмне үчүн керек” деген суроого так жооп бере албай жаткандарын айтты. Айрымдары баш мыйзамга каршы келээрин айтса, кээ бири эскиргенин айтышкан. Ошондой эле ал Кыргызстандын Адилет министрлиги аткаруудагы мыйзам 96% баш мыйзамга дал келет деген корутунду чыгарып бергенин да кошумчалады.

Жумушчу топ алты айдын ичинде эки гана жолу жолукканын, бийлик өкүлдөрү меди тармактын өкүлдөрүнүн сунушун укпай койгонун топтун мүчөсү Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков айтты.

“Юристтер да, медиа адистер да, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да баары бул мыйзам долбооруна терс бааларын беришкен. “Мындай мыйзам болбойт” деп айтышкан. Биздин түшүнүк боюнча мыйзам журналисттерди колдошу керек эле, аларды алдыга чыгарып, күчтөндүрүүсү зарыл болчу. Журналисттер туура эмес маалыматтар, фейктер менен күрөшүп, азыркы дүйнөдө болуп жаткан окуяларды тең салмакта чагылдырсын деген мыйзамды биз күткөнбүз. Тилекке каршы андай болгон жок. А бул мыйзам жалаң эле бөгөттөө, чектөө, басмырлоого эле ылайык жазылып калган. Биздин сунуштар да тилекке каршы өткөн жок”. 

«Адилет» укуктук клиникасынын эксперти Жылдыз Азыкова медиакоомчулуктун нааразычылыгын жараткан ченемдер эске алынбаса, сөз эркиндиги чектелерин жана көз карандысыз журналисттерди жоготуп алуу коркунучу бар экенин “Маралга” айтат.

Мыйзамдын чийки жактарына жана ал көптөгөн түшүнүксүз жагдайларына токтолду.

«Мыйзам долбоорунун демилгечилери, мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн ЖМКлар катталууга милдеттендирилбей турганын жазышууда. Биз азырынча мамлекеттик органдардын расмий сайттары жөнүндө сөз болуп жатканын же мамлекеттик органдар тарабынан түзүлө турган атайын ЖМКлар тууралуу сөз болуп жатканын түшүнө албай жатабыз. Бул жерде түшүнүксүз жагдайлар көп болуп турат.

Муну менен алгач, албетте, медиасектор жабыркайт. Биз көз карандысыз медианы жоготуп алышыбыз мүмкүн. Экинчиден, бул жерде сөз эркиндиги адамдын негизги укуктарынын бири катары басмырланып жатат, анткени мыйзам долбоору ЖМКнын ишин жөнгө салууга багытталганына карабастан, ал бардык жарандын сөз эркиндигин камтыйт».

 Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков мыйзамдын экономикага терс таасири болорун, мыйзам чаржайыт, маселелер жалпылап жазылганына токтолду:

“Ар бир адамдын жашоосуна кандай таасирин тийгизсе, ишкердикке да, экономикага да ошондой тааасирин тийгизет. Себеи ишкерлик чөйрөсүндө, экономикада ар бир мамлекеттик орган кабыл алган чечим таасирин тийгизет. Өзгөчө салык системасында, антимонополиялык мыйзамдар, кылмыш-жаза кодекси, эмгек кодекси жана башка мыйзамдарга кандайдыр бир өзгөртүү болсо же кандайдыр бир жарлык, чечим, буйрук чыкканда элдин баары маассалык маалымат каражаттары аркылуу билет. Биз да маалыматтардын баарын ЖМКдан алып турабыз. Бобосо биз ким кандай мыйзам чыгарып жатат же даярдап жатканынан кабарбыз болбойт болчу. Ошондуктан сөзсүз түрдө сөз эркиндиги болуш керек”.

Буа чейин эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик — 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM