Биз менен байланышыңыз

Көпчүлүк аймакта жаан жаайт. 1-ноябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 31 Окт 2023 | 154 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-2-ноябрь күндөрү өлкө аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга кайрылып, унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу, алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону сунуштайт.

Эртең, 1-ноябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15,

Талас облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13.

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM